Талас облусуна жаңы жетекчи дайындалды

9 марта 2021 Талас облусуна жаңы жетекчи дайындалды

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп Бакытбек Нарбеков дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Нарбеков жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясынын тизмеси менен катышкан. Ага чейин президенттин иш башкармалыгында эмгектенген. 

Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин Таласка жетекчи болуп келген Айбек Бузурманкулов 5-мартта кызматынан алынган.

sputnik