Жапаров биринчи айым менен филармонияга барып концерт көрдү. Сүрөттөр

8 марта 2021 Жапаров биринчи айым менен филармонияга барып концерт көрдү. Сүрөттөр

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева экөө "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертин көргөнү барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

7-март күнү филармонияда Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең, апа сенин бешигиң" аттуу концерти тартууланган.

Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган. Койгон режиссёру КР эл артисти Алтынбек Максүтов.

Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте КР эл артисти Нуржамал Табалдиева, КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүшкөнү белгиленет.


sputnik