Кыргызстандагы азык-түлүк бааларын турукташтыруу боюнча келишим базарларга жана чакан соода түйүндөрүнө колдонулбайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева билдирди.
Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Азык-түлүк баалары, бизнести коргоо, вакцина, премьер-министр Мариповдун планы" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымында, орто бизнес биригүүгө анча кызыкдар эмес.
"Бир нече жылдан бери рынокто иштеген биздин мүчөлөр туруктуу өнүгүүнү каалашат жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн биригишет. Эгер базарларда баалар кымбаттаса, анда жарандар соода түйүндөрүнөн сатып ала алышат. Биз бааларды туруктуу кармоого өзүбүз аракет кылабыз. Бирок базарларда бул процессти көзөмөлдөө, тилекке каршы, мүмкүн эмес. Албетте, биз абийирсиз ишкерлер менен иштешпегенге аракет кылабыз, деген менен бүгүнкү биздин кырдаалда мындайды көзөмөлгө алуу оорго турат", — деген Ускенбаева.
Ал Товар жеткирүүчүлөр ассоциациясы мыйзам чегинде заманбап соода жүргүзүүнү колдоорун белгилейт.
Эскерте кетсек, март айынын башында товар жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана ири соода тармактарынын жетекчилери нан, кумшекер, биринчи сорттогу ун жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктардын наркын аныктоо, төмөндөтүү боюнча келишимге кол коюшкан.