Turkish Airlines авиакомпаниясынын Бишкектен Стамбулга сапар алган учагында жүрөгү кармаган наристени аман алып калышкандыгын түркиялык Anadolu агенттиги жазды.
Бөбөктү сактап калган Түркиянын Улуттук Улуу Жыйынынын (Парламент) депутаты, доктор Режеп Шекер аттуу адам болгон. Анын айтымында, Анкарага жарым сааттай калганда бортто дарыгер бар экендигин билген стюардессалар баланы көтөрүп келишкен.
"Баланы карасам кубарып кетиптир. Дем албай, жүрөгү токтоп калыптыр. Жасалма дем алдырып, жүрөгүнө массаж жасаган соң өзүнө келди", — деген ал.
Дарыгердин өтүнүчү менен учак Анкаранын Эсенбога аба майданына конуп, баланы ооруканага алып кетишкен. Ал арада ымыркайдын абалы кадимкидей жакшырып калган. Ал эми учак кайра абага көтөрүлүп, жолун улаган.
Anadolu агенттигинин маалыматы боюнча балдардын энеси Казакстан жараны болгон.