12 миңге жакындап барды. Шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмеси

16 марта 2021 12 миңге жакындап барды. Шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмеси

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 28 саясий партиянын шаардык кеңешке депутат болууну каалаган талапкерлеринин аты-жөнүн жарыялады.

Шайлоо 11-апрелде өтмөкчү. Толук тизме менен БШКнын сайтынан таанышууга болот. Кээ бир кеңештер боюнча маалыматтар толукталып жатат. Талапкерлердин жалпы саны 11 782ге жетти. Шайлоочулар 28 шаардык кеңештин 796 депутатын тандашы керек.

Ар бир депутаттык мандатка орто эсеп менен 14 талапкер ат салышууда. Шайлоого камынган саясий партиялар менен жарандардын көбү Бишкек шаарына туура келет. Тагыраагы, 25 партия жана бир орунга 40 талапкер ат салышууда. Эң азы Көк-Жаңгак шаарында. Аталган аймакта үч партия жана депутаттык бир орунга 5 кишиден туура келген.


sputnik