Кыргызстанда апрелде эмдөө башталат. AstraZeneca вакцинасы эмне болот

16 марта 2021 Кыргызстанда апрелде эмдөө башталат. AstraZeneca вакцинасы эмне болот

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев апрелден тарта коронавируска каршы эмдөө башталарын тастыктады.

Sputnik агенттигинин кабарчысы менен баарлашкан аткаминер жарандар россиялык "Спутник V" же кытайлык Sinopharm вакцинасын аларын айтты. Ал Кытай Кыргызстанга 150 миң дозаны бекер берерин эскертип өттү.

"Ал эми россиялык препарат боюнча маселе бүгүн-эртең чечилсе, британ-шведдик AstraZeneca вакцинасын жеткирүү маселеси каралбай турган болду. Биз бул вакцинадан баш тарткан жокпуз, бирок Европа өлкөлөрү аны колдонууну токтоткону боюнча маселени талкуулаганбыз. Ошондуктан токтото турууну чечтик. Учурда COVAX менен башка вакциналар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз биринчи кезекте жарандарыбыздын коопсуздугу тууралуу ойлонушубуз керек", — деди Бейшеналиев.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барып келгенден кийин Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берери айтылган. "Спутник V" Жапаров Россияга барар алдында Кыргызстанда каттоого алынган.

Эске салсак, Европанын бир нече мамлекеттери калкты AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтотуп коюшкан. Себеби аталган препарат сайылгандан кийин кан тамырдын бүтөлүп калышы (тромбоз) тууралуу билдирүүлөр түшкөн соң вакцинаны дагы тереңдеп изилдеп көрүүнү чечишкен.


sputnik