Азат Базаркулов кайрадан MegaCom компаниясынын жетекчиси болду

16 марта 2021 Азат Базаркулов кайрадан MegaCom компаниясынын жетекчиси болду

Азат Базаркулов кайрадан "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдан бери "Альфа Телекомду" жетектеп келген Акылбек Жаманкулов өз арызы менен кызматтан кеткен. Эскерте кетсек, Азат Базаркулов аталган компанияны 2012-2018-жылдары жетектеген.


sputnik