УКМК 59 млрд. сомду чыгарып кетүүгө катышы бар адамга издөө жарыялады

16 марта 2021 УКМК 59 млрд. сомду чыгарып кетүүгө катышы бар адамга издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 59,5 миллиард сомду өлкөдөн чыгарып кетүүгө катыштыгы бар адамга издөө жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы бул ири суммадагы акча качан чыгарылганын ачыктаган жок.

"Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттен мыйзамсыз 59,5 миллиард сом акча каражатын чыгарып кетүүгө катыштыгы бар 48 жаштагы Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө", — деп жазылат маалыматта.

УКМК издөөгө алынган адамдын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барларды төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46.


sputnik