Милиционер киши өлтүрүү иши боюнча камакка алынып, дагы бири изделип жатат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери бир ай бою "погончон кылмышкерлерди" кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүштү. 13-мартта болжол менен саат 01:45те Баткен облусундагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу Х.К. аттуу милиционерди кармашкан. Ал Бишкектеги убактылуу кармоо жайына алып келинди", — деп айтылган маалыматта.
Тергөөчүлөр Жазык кодексинин 39-беренесинин ("Киши өлтүрүүгө аракеттенүү") негизинде кылмыш ишин козгошкон.
Мындан сырткары, Баткен Ички иштер башкармасынын Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси М.Н. издөөгө алынган. Учурда бул боюнча да тергөө иштери жүрүүдө.
Маалымат кызматы козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бере элек.