Былтыр Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келген жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 450 чакырымды багынткан. Бүгүн-эртең Бишкектен ордолуу Ош шаарына чуркоо алдында турган спортчуну кепке тарттык.
— Буга чейин Ат-Башыдан Бишкекке чейин 450 чакырымды чуркап келгенсиз. Эми Бишкектен Ошко чуркоону пландап жатыпсыз. Эмне максаттар бар?
— "Алыска чуркасам" деген бала кездеги кыялдар менен чуркап калдым. Кичинемден жеңил атлетикага кызыгып, мектепте окуп жүргөндө эле жакшы чуркачумун. Азыр интернет желеси аркылуу аралыкка чуркагандарды карап турабыз. Жакында эле бирөө 560 чакырымга чуркады. Эми рекорд жаратуу максатында Ошко чуркап барганы жатам.
— Чуркап жүргөнүңүзгө канча жыл болду?
— Алты жыл болот. Кырк жашымдан чуркап, кечирээк баштап калдым. Өзүм спортту сүйүүчү катары чуркап, беш жылдан бери өзүм курактуулар арасынан 1-2-орунду алып жүрөм.
— Ошко чуркоо боюнча даярдыктар кандай болду? Канча убакыт камдандыңыз?
— Бир айдан бери даярданып жаттым. 25-мартта Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында саат 9га чогулуп, 10:00дө старт болот. Буюрса, командабыз менен Ошко бет алалы деп турабыз. Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келгенде күнүнө 80 чакырымдан чуркагам, мында 100 чакырым деп эсептеп жатабыз. Бирок эми жол көрсөтөт. Андан ашык же көбүрөөк чуркап калышыбыз мүмкүн. Ошондо бери жагы жети, ашып кетсе он күндө Ош шаарынын борбордук аянтына жетип барабыз деген планыбыз бар.
— Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келүүдө кыйналган жоксузбу? Кызыл Бел, Долон жана Кубакы ашууларын басып өтүү керек болду да...
— Биринчисинде оор эле болду. Анткени мурда чуркап көргөн эмесмин да. Тыңгылыктуу даярдык деле болгон эмес. Жүрүп-жүрүп эле "чуркайм" деп чыгып кеткем. Жолдон эмне жеш керектигин деле ойлонбоптурбуз. Ат-Башыдан Долонго чейин өр болду. Анан Долондон түшкөндөн кийин бир кыйла эле жеңилдей түштүк. Баш жагында 36 чакырымда бир эс алып жаттык. Ошондо билбестик кылып тамактанбай эле кете бериптирбиз. Көрсө улам тамактанып турушубуз керек болчу экен. Мындайча айтканда, алгачкы эки күндө өзүбүздү "талкалап" коюптурбуз. Бирок артка кетүү тууралуу ойлонгон жокмун.
— Ат-Башыдан беш жарым күндө чуркап келдиңиз. Бишкекке келгенде журналисттер да тосуп алышты. Финишке жеткенде жашып кеттиңиз эле, кубанычтын көз жашы болдубу же кыйналгандыкпы?
— Ат-Башыдан бери чуркап келе жатып, финишке жеткенде кыйкырат болушум керек деп бир ойлоп койдум эле. Өзүмдү кармайын деп жакшы эле келе жаткам. Анан марага келгенде эжемдер турушуптур. Баары ыйлап алышкан. Мени кучактап жатышса көзүмдөн жаш чыгып кетти. Өзүмдү кармай албай калдым окшойт. Эми, кудай буюрса, Ошко жакшы жетем деп турам. Андан соң Алматыга чейин чуркайын деген оюм бар.
— Ультрамарафондо чуркаганда ден соолукту дыкат кароо керек эмеспи. Маалыматыңыз барбы?
— Бул тууралуу марафончулардан жана машыктыруучулардан сурадык. Ар ким ар кандай айтат экен. Айрымдары түрдүү витаминдерди ичүү керек дешти. Бирок мен табигый таза тамактарды эле ичип келе жатам. Өзүм коюу тамакты көп жебейм. Негизинен суюк тамакты жакшы көрөм. Ошондой эле кошумча катары организмдеги туздарды сыртка чыгарып салуучу витаминдерди эле ичтим. Болбосо кыргызча эле диета менен шорпо ичип, тамактанып жүрдүм. Ат-Башыдан келе жатканда жолдогу мейманканаларга эс алып жаттык. Ошондо чуркоо өзү эле 80 чакырымдан айланып калып жатты. Талды-Суу айылынан чыгып Ат-Башы айылындагы дөбөдөн токтоп, эт жеп, кадимкидей эле шорпо ичип, анан Нарын шаарына келип түнөп, ошентип Балыкчыга өтүп, акыркы түнүбүз Кантта болду. Чуркап келе жаткан киши тамак тандап калат экен. Андайда организм да түрдүү даамдарды талап кыла берет окшойт. Жолдон триатлончу балдар тосуп алып, витаминдерди берип, колдоо иретинде кошо чуркашты. Ошондо кадимкидей жеңилдикти сездим.
— Ден соолукка бир топ эле пайда болсо керек...
Эми ар бир адамдын көңүлүнө жаккан иши болот да. Улакчылар деле улак тартмайынча тура албайт. Мен бала кезден эле чуркаганды жакшы көрчүмүн. Бардык спорттун башаты чуркоо. Азыркы учурда адам баласы тамак менен телефонго күч жумшап калды. Эркек кишинин толгонун да айрымдар каада катары көрүшөт экен. Бирок жаш өткөндө салмак адамга абдан кыйынчылык жаратат. Ал эми жаш кезинде кыймылдап, спорт менен машыккандар карыганда да кыймылы чапчаң, өзүнө тың болот. Чуркай электе медициналык аппаратка текшерилсем "соо жериң жок экен" деп бир барак оорунун тизмесин жазып берген. Ошондон кийин чуркап машыга баштадым, анан эки жылдан кийин барсам, белимдин оорусун эле айтты. Калган жерлерим таза чыкты. Чуркаганда организм да тазаланат экен. Анткени көп жаман заттар тер аркылуу сыртка чыгып кетет. Ошол себептен адамдарды чуркоого, спортко чакырам. Мен күнүнө эң аз дегенде беш чакырым чуркайм. Быйыл Ошко барып келгенден кийин Көлдө марафон болот. Ошондо 21 чакырым чуркоого жазылып, жарым марафонго катышууга аракет кылайын деп жатам.
— Чуркоонун да өзүнүн техникасы бар эмеспи. Дем алуу, чуркоо жагынан аларды колдоносузбу?
— Мен жай чуркаганда оозду жаап, мурун менен дем алып чуркайм, бирок катуу чуркаганда оозду ачканга да туура келет. Башкалар кандай билбейм, мен демимди бир ачып алсам эле чуркап кете берем. Башкысы мага күчүмдү көп сарптабай, сактоо керек.
— Коштоп баруучу командада медиктер барбы?
— Ошко эки машина коштоп барат. Арасында бир массажист жана оператор болот. Негизинен киши жалдоо деле акча экен. Медиктер деле каякка барсам, канча жүрсөм дайыма коштоп жүрүшү керек болот да. Ошондуктан медик деле жалдаган жокмун. Эми азыр айылдык байкелер, тууган-туушкандар материалдык жактан колдоп жатышат. Туугандарым башында Ат-Башыдан Бишкекке чуркаарда каршы болушту. Акыры баары бир айтканымдан кайтпай турганымды билгенде макулдугун беришкен. Спорттон алыс адамдар мени "кудайдын азабын тартып чуркап эмне кылат, үйүндө эле жата бербейби" дешет экен. Ал эми чуркап жүргөндөр сүйүнүп, колдоп, жакшы кабылдашат.
— Өзүңүздү формада кармап жүрүү үчүн кандай аракеттерди көрөсүз?
— Негизи атайын диета кармабасам деле бир салмакта эле жүрө берем. Бир аз айырма болбосо ашыкча өзгөрүү болбойт. Салмагым 71 килограммдан бир аз ашат.