Көзү көрбөгөн Дастандын жөндөмүнө куландан соо адамдар таң беришет. Видео

24 марта 2021 Көзү көрбөгөн Дастандын жөндөмүнө куландан соо адамдар таң беришет. Видео

Дастан Камчыбековдун жашоосу жети жыл мурда чукул өзгөргөн. Башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбаган өспүрүм басканды, окуганды кайра баштан үйрөнүүгө мажбур болгон. Азыр ал профессионал катары спорт менен машыгып, паратриатлон боюча Азия чемпионатына даярданууда.

Дастан Талас облусунун Орто-Арык айылында туулган. 6-класста окуп жүргөндө жыгылып, жаракат алган. Көп өтпөй көзүнүн көрүүсү начарлай баштаган. Кийин дарыгерлердин сунушун жакшы аткарбай коюп, таптакыр көрбөй калган.

Ушундан тарта ал депрессияга түшүп, мектепке барбай койгон. Мындан улам ата-энеси аны Бишкектеги көрүүсү жана угуусу начар балдардын интернатына алып келген. Жаңы жашоого көнүүгө бир топ убакыт кетип, жаркын келечекке үмүт жок эле. Бирок Дастанда бара-бара өзүнө ишеним пайда болуп, жашоосу жакшы жакка өзгөрө баштаган. Жаш жигит кайрадан басканды, окуганды, гаджеттерди колдонгонду, тамак жасаганды, ал тургай өзүнө гана эмес жакындарына дагы кам көргөндү үйрөнгөн. Азыр ал аны аягандарды жактыра бербейт.

"Сени бирөө аяса өзүңдү жаман сезесиң, башкалардан бөлүнгөндөй болосуң. Мурда тамак бергенде башкалардай кылып тарелкага салбай, төгүп аласың деп чыныга салып коюшчу. Мен тренингден өтүп, айылга кайтканда үйдөгүлөргө тамак жасап бердим. Ошондон тарта мага ишене башташты. Жакындарым ишенсе экен деген максат койгом, мен ага жеттим", — деди Дастан.

Бир нече жыл мурда каарманыбыз профессионалдуу түрдө спорт менен машыга баштаган. Болгондо дагы паратриатлонду тандап алган. Азыр чуркайт, сууда сүзөт, велосипед тебет. Бош убактысында көзү азиз башка адамдар менен футбол ойнойт.



sputnik