Кара-Сууга аким болом деп 74 адам арыз берди

24 марта 2021 Кара-Сууга аким болом деп 74 адам арыз берди

Ош облусунун Кара-Суу районунун башчылыгына 74 киши талапкер катары арыз тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, Ноокат районунун акимчилик кызмат ордуна 24 адамдан арыз түшкөн.

"Талапкерлердин документтерин кабыл алуу аяктады. Учурда Ош облусундагы район акимдери менен орун басарлары аттестациядан өтүп жатат. Бул иш аяктагандан кийин Кара-Суу менен Ноокат райондорунун акимчилик кызматына талапкерлигин койгондорго тестирлөө уюштурулат", — деди Маматалиев.

Эске сала кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов 2020-жылдын октябрындагы саясий окуялардан кийин кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармалган.

Бул фактынын негизинде ага карата кылмыш иши козголуп, кийинчерээк ал кызматынан кеткен.

Ал эми Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов бир тууган агасы Улукбек Марипов өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин кызматын тапшырган.


sputnik