Өкмөт башчы Марипов Ташкентке барды

25 марта 2021 Өкмөт башчы Марипов Ташкентке барды

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу сапары менен Ташкентке барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Марипов Ташкентте 25-26-март күндөрү болот.

"Жумушчу сапардын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат. Ошондой эле Ташкент шаарындагы бир катар өнөр жай, инновациялык ишканалардын иши менен таанышат", — деп жазылат маалыматта.

Премьер-министрдин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугары кошумчаланды. 

Sputnik Өзбекстан Марипов Ташкенттеги "Технопарк", IT-Park комплекстерине, Crafers жана Ardent Foods фабрикаларына, Golden Moon жана Orient Ceramic заводдоруна барарын жазды. Мындан сырткары, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имаратында да болору айтылды.


sputnik