Олимпиадага барчу спортчуларга акча бөлүнбөй, карыз болуп жатышканы айтылды

25 марта 2021 Олимпиадага барчу спортчуларга акча бөлүнбөй, карыз болуп жатышканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болду. Анын айтымында, өлкөнүн Олимпиадалык командасына 105 миллион сом каралса, бүгүнкү күндө анын 16 миллиону гана бөлүнгөн.

"Бизде 40 жыл мурун Каныбек Осмоналиев Олимпиада чемпиону болгондон кийин эч ким биринчи орунга чыга элек. Быйыл Токио Олимпиадасында чемпион чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Деген менен Олимпиадалык командага каражат бөлүнбөй жатат. Муну Экономика жана финансы министрлигинин өлкө намысын коргоп, желегин желбиретүүчү спортчуларга кайдыгер мамилеси, шалаакылыгы деп бааласак болот. Олимпиадага үч ай калды, анан кантип даярданышат. Урматтуу төрага, ушул боюнча протоколдук тапшырма берип коюуңузду суранам", — деди Атазов.

Мындан сырткары, ал алтын медаль уткандарга сый акынын суммасын көтөрүү керектигин белгиледи.

"Казакстанда Олимпиада чемпиондоруна 250 миң доллар (болжол менен 21 миллион сом), Өзбекстанда 200 миң доллар (болжол менен 17 миллион сом) берет экен. Кыргызстанда 7 миллион сом. Биз дагы 20 миллионго көтөрсөк аябай чоң мотивация болмок. Акчаны башка деле керексиз чыгымдарга жумшап жатабыз. Спортчулар улуттун жүзү, дүйнө эли чогулган жерде намысыбызды коргоп жатышат", — деди депутат.

Ошондой эле ал учурда Олимпиадага даярданып жаткандарга күнүнө 250 сом берилерин айтып, машыгууга барган жеринде мейманканаларга, авиакассаларга карыз болуп жатышканын кошумчалады.

Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган.


sputnik