Алтын-Ордо конушуна 122 млн. сомго жаңы мектеп курулмай болду

23 марта 2021 Алтын-Ордо конушуна 122 млн. сомго жаңы мектеп курулмай болду

Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушуна 480 орунга ылайыкталган мектеп курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

"Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгаша турган жалпы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүттү. Жарыяланган тендер Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашат", — деп айтылат билдирүүдө.

Тендердеги алгачкы сметалык баа 122 миллон 565 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.



sputnik