Жарым жылаңачтанып сүмөлөк бышырган кыздардын чуусу. Өзбекстандагы окуя

24 марта 2021 Жарым жылаңачтанып сүмөлөк бышырган кыздардын чуусу. Өзбекстандагы окуя

Кыздардын жарым жылаңач болуп алып сүмөлөк кайнаткан видеосу тарап кетип, ал коомчулукта кызыл чеке талкууну жараткан.

Кийинчерээк анын Өзбекстанда тартылганы аныкталды. Жергиликтүү тартип коргоо органдары бул факт социалдык тармактын колдонуучуларын нааразы кылгандан кийин ишти иликтеп баштаган.

Көп өтпөй ал кыздардын ким экендиги такталган. Алардын Үргөнчтөгү "Сахара" клубунда иштээри белгилүү болду.

ВИДЕО

Sputnik Өзбекстан кыздар бул кылыгы үчүн кечирим сурагандыгын кабарлап, видеосун таратты.

Маалыматта аларга карата Үргөнч шаардык соту иш козгоп, үчөө майда бейбаштык боюнча 15 суткага административдик камакка алынганы айтылат. Ал эми калгандары 1,225 миллион сумдук (116 доллар) айыпка жыгылган.


sputnik