Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео

15 марта 2021 Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео

Аба ырайынын бузулушунан улам өлкөнүн чоң жолдорунда кыймыл татаалдашып, автотыгындар жаралууда. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайынын жана Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуунун абалын тарткан күбөлөрдүн видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

ВИДЕО

Кадрлардан унаалардын токтоп турганы, болбосо өтө жай жүрүп баратканы көрүнүп турат. Транспорт жана жолдор министрлиги Боомдо саат 16.00дөн тарта жаан жаай баштаганын айтты. Реагенттер чачылганына карабай сууктан улам жолдорго муз тоңгон.

Кечинде, болжол менен саат 17.00дөрдө, тыгын пайда боло баштаган. Жеринде тыгылып калган автоунааларды чыгарып, жолду тазалап жаткан атайын техника иштеп жатат.Трассага реагент чачуу уланууда.

ӨКМ Бишкек — Ош жолунун 126-чакырымында унаалар токтоп калганын билдирди. Ал жакта министрликтин техникасы, кызматкерлери жана Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору иштеп жатат. Саат 20.00дөн тарта “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Жолдун аркы башынан — Токтогул районунда  чоң машиналар 21.00дөн баштап тосулууда.

ВИДЕО

Кыргызгидромет буга чейин шашылыш билдирүү таратып, күндүн көзү бузуларын эскерткен.


sputnik