11 марта 2021
Жогорку Кеңештин депутаттары кийинки жумада парламентке келбей турган болду.
Тагыраак айтканда, 15-19-март күндөрү жыйындарды өткөрбөй, шайлоочулар менен аймактарда иш алып баруу чечимин кабыл алышты.
Майрам жана дем алыш күндөрдү кошуп эсептегенде эл өкүлдөрү 23-марттан кийин жыйынга келишет.