Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алганын айтып чыкты

12 марта 2021 Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алганын айтып чыкты

Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ошол кездеги жетекчиси Сыймык Жапыкеев ага Финансы полициясынын генерал-майору наамы берилгенин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Достор, эң биринчи силерге рахмат, ушунча колдогонуңарга. Кудайга ыраазымын, президентке чоң рахмат. Чын жүрөктөн кубанып жатам. Кудай буюрса эл, жер, өлкө үчүн эмгегимди аябайм", — деп жазды ал.

Эске салсак, Жапыкеев Финансы полициясын жетектей баштаганда ага полковник наамы берилген.

КР президентинин маалымат кызматынан жаңы наамдын берилиши боюнча кабарды тактап берүүнү убадалашты.

sputnik