Ошто базардагы ишкерлерден акча жыйнаган деп милициянын подполковниги кармалды

12 марта 2021 Ошто базардагы ишкерлерден акча жыйнаган деп милициянын подполковниги кармалды

Оштогу №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, милициянын Т.Т. аттуу подполковниги базарда эмгектенген ишкерлерден мыйзамсыз акча жыйнаган деп шектелип жатат.

"№1 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда мурда пара катары берилген акча каражаттар табылды", — деп жазылат маалыматтта.

Шектүү УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жана тергөө иштери башталганы айтылды.


sputnik