Өзбекстан Үңкүр-Тоону талашпоого даяр. Ордуна эмне сурайт

14 марта 2021 Өзбекстан Үңкүр-Тоону талашпоого даяр. Ордуна эмне сурайт

Өзбек тарап Кыргызстанга буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө айтылды.

"Кыргызстан Сох анклавына транспорт жана аба каттамын ачып берүүгө даяр. Анклав жашоочулары чек арадан ээн-эркин өтө алышат. Ал эми өзбек тарап мындан ары Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди делимитация жана демаркациялоо иштерин эки тарап тең үч айдын ичинде ишке ашыруу керектигин белгилешти.

Эске салсак, 2016-жылдын август айында Үңкүр-Тоо аймагы боюнча талаш жаралган. Анда чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон.

Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Курган ички иштер бөлүмүнө киргизишкен. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жетип, 18-сентябрда аймактан чыгып кетишкен. 


sputnik