11 марта 2021
Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кеткен КР президенти Садыр Жапаровду "Ташкент" аэропортунан өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аба майданда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилген.
Жапаров Ташкенттин "Эгемендик" аянтындагы "Көз карандысыздык жана гуманизм" монументине гүл койду. Иш сапардын алкагында КРдин мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан сырткары, Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугары пландалып жатат.