Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов бошонуп, парламент жыйынына келди. Видео

11 марта 2021 Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов бошонуп, парламент жыйынына келди. Видео

Тергөө абагында отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов бошоп чыгып, бүгүн парламенттин жыйынына келди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип кечээ, 10-мартта, Биринчи май райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылганын билдирди.

ВИДЕО

"Адвокаттарым менин баш коргоом боюнча чараны өзгөртүү өтүнүчүн келтирген. Сот аны канааттандырды. Мага козголгон ишти саясий куугунтук деп айта албайм, жалаа жабылып калды. Өлкөдө тополоң болбодубу, толкун менен келе жатканда кичине аша чаап кетишти окшойт", — деди Төрөкулов.

Ал эми тергөөнүн купуялуулугун сактоо үчүн тил кат жазып бергенин жүйө келтирүү менен өзүнө козголгон иш тууралуу айтуудан баш тартты.


sputnik