Каза болгондор бар. Боомдо жол кырсыгы болду. Видео

14 марта 2021 Каза болгондор бар. Боомдо жол кырсыгы болду. Видео

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, андан эки киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

ВИДЕО

Күбөлөр тарткан видеодон майрыйып калган автоунааны көрүүгө болот. ЖКККББ Mazda 626 үлгүсүндөгү машина парапетти сүзгөнүн кабарлады. Авария бүгүн күндүз болгон, азырынча чоо-жайы белгисиз.


sputnik