Муфтият быйылкы орозонун болжолдуу датасын белгиледи

12 марта 2021 Муфтият быйылкы орозонун болжолдуу датасын белгиледи

Жалпы мусулмандар үчүн жыл ичиндеги эң маанилүү Рамазан (орозо) айы жакындап келе жатат.

Рамазан айы ай жаңыргандан тарта башталат. Себеби ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска. Буга байланыштуу орозо жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу 11 күнгө эрте башталат. Мисалы, былтыр кыргызстандыктар 24-апрелден тарта ооз бекиткен. Бул 2019-жылга караганда орозо 11 күн эрте башталды дегенди билдирет.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозо 13 же 14-апрелге туш келерин айтып, так датасы Рамазан айына жакын калганда кабарланарын билдиришти. Ал эми Казакстан дин башкармалыгынын шариат жана фетва бөлүмү 2021-жылдагы диний күндөрдүн календарын бекитти. Ага ылайык, орозо 14-апрель күнү башталат.

Кадыр түн тогузунан онунчу майга караган түнгө туш келет. Ошондо казакстандыктар Орозо айтты 13-майда, Курман айтты 20-22-июлда белгилейт (айрым өлкөлөрдө айт майрамы үч күнгө созулат).

"Хиджра айларынын башталышы астрономиялык иликтөөлөр менен алектенген эл аралык борборлордун маалыматтарына негизделген. Адистер диний майрамдар айдын жаңырышына карап бир күнгө алдыга же артка жылып кетиши мүмкүн экенин айтышат", — деп жазылат Казакстан дин башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Ал ортодо Khaleej Times басылмасы Космостук жана астрономиялык илимдер бирикмесинин (AUAS) мүчөсү Ибрагим Аль Жарванга шилтеме берип, Бириккен Араб Эмирлигинде ыйык орозо 13-апрелде башталарын жазып чыкты.

"Биздин астрономиялык эсептөөлөрүбүзгө ылайык, Рамазан 13-апрелде башталып, 13-майга чейин созулат", — деди ал. Ушундай эле датаны Татарстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы божомолдоп жатат.

"Орозо айынын башталышы менен бүтүшүн аныктоодо муфтияттын аалымдар кеңеши географиялык өзгөчөлүктөргө жана астрономиялк кеңештерге таянды", — деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда Татарстанда Орозо айт менен Курман айт 13-май жана 20-июль күндөрү майрамдалат. Мындай жарлыкка президент Рустам Минниханов кол койгон.


sputnik