Сургутта кыргызстандык эки бала өрттөн каза тапты

12 марта 2021 Сургутта кыргызстандык эки бала өрттөн каза тапты

Россиянын Сургут шаарына жакын жерде чыккан өрттөн кыргызстандык эки бала көз жумду. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Окуя 11-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:20да болгон. Каргашада кыргызстандык 9 жаштагы жана 6 жаштагы балдар көз жумган.

Кырсык болгон жерде Россиянын Тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө бөлүмү иштеп жатат. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"Жашы жете элек балдар апасы жана чоң апасы менен жашаган. Өрт маалында алар үйдө жалгыз болчу. Апасы эртең менен ишке кеткен. Ал Сургут шаарындагы клининг компаниялардын биринде иштейт. Такталбаган маалымат боюнча, балдардын чоң апасы операциядан кийин ооруканада жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясы каза болгон балдардын сөөгүн мекенине жиберүүнү уюштуруу боюнча коомдук бирикмелер менен иштеп жатканы айтылды. 

Бул маселе канцеляриянын көзөмөлүндө экени белгиленди.


sputnik