Бир авиакомпанияда билет калган жок. Бишкек — Москва каттамынын баалары

12 марта 2021 Бир авиакомпанияда билет калган жок. Бишкек — Москва каттамынын баалары

Биз кайрылган "АвиаТрафик" 26-мартка чейинки билеттер сатылып кеткенин билдирди. Анын баары компания койгон бир баада сатылган.

Бишкек — Москва багыты боюнча авиакаттамдарды эки компания — россиялык “Аэрофлот” менен жергиликтүү "АвиаТрафик" аткарат. Учурда жумасына алты түз каттам бар. Анын жүргүнчүлөрүнө Россияга кирүүгө абдан муктаж болуп жаткандыгы боюнча документтин кереги жок. Мындан башка чартердик төрт каттам бар, ага түшкөндөрдөн негиздеме суралышы мүмкүн.

Сатуу бөлүмүнөн 28-марттан тарта алар “жаз — жай” мезгилине өтүп, билеттер жаңы тариф менен сатыла турганын белгилешти.

“28-марттан тарта “жаз — жай” мезгилине өтөбүз, ошол себептен азыркы учуу графиги 26-мартка чейин гана белгиленген. Апрель айына билеттер бар”, — дешти "АвиаТрафик" компаниясынын сатуу бөлүмүнөн.

Алар ошондой эле келерки айга карата календарь болжол менен 20-марттан кийин даяр болорун кошумчалашты.

Россиялык "Аэрофлот" компаниясынын сатуу бөлүмү чалууларга жооп берген жок. Ал эми расмий сайтында жакынкы жумаларга карата билет баалары 42 752 сом деп көрсөтүлгөн. Сайтта айдын аягына чейин ушул эле баа көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү туроператорлордун биринин сатуу бөлүмү россиялык авиакомпания сайтына түз каттамдар үчүн билеттин минималдык баасын көрсөткөнүн айтып, рейс жакындаган сайын кымбаттай берерин билдирди.

Белгилей кетчү жагдай, "Аэрофлот" компаниясынын түз каттамдарынын жүргүнчүлөрүнө негиздеме атайы кылынбайт (баалар жергиликтүү туроператорлордон алында):

  • 14-мартта — 72 826 сом (багажы жок), 77 751 сом (багаж менен);
  • 19-мартта — 52 876 сом (багажы жок), 58 055 сом (багаж менен);
  • 28-мартта — 52 876 сом (багажы жок), 58 055 сом (багаж менен);
  • 30-мартта — 52 876 сом (багажы жок), 58 055 (багаж менен).

Туроператордун маалыматына караганда, "Аэрофлот" күн сайын чартердик каттамдарды аткарып турат. Бирок ага негиздемеси жок түшүүгө мүмкүн эмес.

Марттын соңуна чейин чартердик каттамдын жүргүнчүлөрү үчүн билет баасы 45 245 (багаж менен) же 42 045 сом (багажы жок) болмокчу.

Белгилүү болгондой, "Урал авиалиниялары" компаниясынын дагы самолёттору учуп жатат. Анын билет баалары төмөнкүчө:

  • 14-март — 47 039 сом;
  • 17-март — 63 070;
  • 21-март — 47 039;
  • 24-март — 26 229.


sputnik