Сыймык Жапыкеев Финпол жоюлгандан кийин биринчи билдирүүсүн жасады

11 марта 2021 Сыймык Жапыкеев Финпол жоюлгандан кийин биринчи билдирүүсүн жасады

Кечээ күнү Финполдун жамааты менен коштоштум. Колдон келишинче иштештик. Жоюлган мекеменин мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев өзүнүн Facebook баракчасынан кайрылуу жасады. Ал интернетте аны сындагандар көбөйгөнүн белгилеген.

"Акыркы күндөрү эмнеге митингге чыкпайт, эмнеге жок болуп кетти деп мени издегендер көбөйдү. Мен мамлекеттик кызматкер катары митингге чыгып өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем", — деди Жапыкеев.

Ал кызматын тапшырып бергенче 4-5 күн өтүп кеткенин айткан.

"Финполдун жетекчиси катары элим, жерим үчүн так иштегенге аракет кылдым. Эч жерде пара алып же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда бюджетке 800 миллион сом өндүрдүк. Чоң кылмыш иштери боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп жаттык эле. Баары оңой эмес. Акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп, кантым көтөрүлүп кетти. Дарыгерлер карап жатышат. Үйдө жатам, ден соолук болбосо эч нерсенин кереги жок экен", — деди Жапыкеев.

Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Документте аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.


sputnik