Исмаил Исаков, генерал-лейтенант: «Тажикстандын 31,6 пайызын Кыргызстан берген жер түзөт»

12 марта 2021 Исмаил Исаков, генерал-лейтенант: «Тажикстандын 31,6 пайызын Кыргызстан берген жер түзөт»

-Исмаил Исакович, Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип жатканда премьер министрге талапкер Улукбек Марипов депутаттардын суроосуна Төрткүл суу сактагычынын башындагы “головной” Тажик Республикасына өтүп кетиптир деп айтып алып, элдин дүрбөлөңүнөн кийин сөзүн кайра артка алганга мажбур болду. Ушул маселе боюнча сиздин оюңузду угалы дедик эле?

–Иштин баары бийликке келген адамдардын туура эмес сөздөрүнөн, туура эмес кадамдарынан болуп жатпайбы, көрүп турбайсыңбы. Жалпы эле бийлик адамдары, маселенин чоожайын иликтеп, эл алдында ачык, болгонун болгондой, тактап айтканды үйрөнүшсө жакшы болмок. Кыргыздар тээ илгертен бери сөзгө өтө терең маани берип келгенбиз. Элибиз, “буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт” – деп бекер жерден айткан эмес. Кээ бир адамдардын сөзү тарыхтын багытын өзгөрткөнгө түрткү болгон. Жашырып эмне, бизде адат же көрүнүш болуп калбадыбы, кызматтын ылдыйкы кабаттарынын тепкичтеринде жүрүп кокусунан бактысы ачылып, алтынчы, жетинчи кабатка көтөрүлүп калса баарына акыл үйрөтүп, насаат айтып, билбеген маселенин да “биларманы” болуп, “туура сөздөрдү” артын карабай айтып алып, элди дүрбөлөңгө салып, бушайман кылып, ал эмес эл аралык мамилелерге да шек келтирген учурларды башыбыздан канча өткөрдүк. Мына бул жерде да, так ушундай эле болду. Аягы бүгүнкү күнгө чейин ызы-чуу. Ошондуктан, билбегенди билбеймин дебесең да “кечирип койгула бул маселе менен алек болбогондуктан кийинчерээк тактап  жооп берейин” десе ким каршы болмок. Кайра “азамат, чындыкты айтты” дешет эле го. Мына жыйынтыгы эмнеге алып келди?

Экинчиден, элибиздин активдүүлүгүнө, бийлик адамдарынын туура эмес иштерин бетке айтып, чындыкты, адилеттүүлүктү орнотуу үчүн умтулушуп, мыйзам чегинде аракеттенишкенине баа беришибиз керек. Эгерде алар кайдыгерлик  кылышып, “менин үйүм четте” деген принципте мамиле кылышканда, ал маселе жабык бойдон калып, экөөбүз бүгүн сүйлөшпөйт элек, туурабы? Тажик туугандарыбыздын ТИМи бизге билдирүү жөнөтмөк эмес. Улукбек мырза кайрадан элге “түшүндүрмө” бербейт эле, керектүү документтерди окубайт болчу. Ошолорго ыракмат, аракеттери алкышка татыктуу. Үчүнчүдөн, Улукбек Мариповду жеке мен күнөөлөгөндөн алысмын, ал өзүнүн кызматтык өсүү жолунда эч качан чек ара маселеси менен алек болгон эмес, ошонун негизинде, чек ара маселеси боюнча эл аралык келишимдер менен тааныштыгы да жок болушу мүмкүн. Ойлоп көрсөң, жомоктогудай бактысы ачылып, өкмөт башчылыгына сунушталып, талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жаткан учурда, мындай суроого ким болсо дагы так жооп бере алмак эмес.

Аны айтасың, беш жылдан ашык отурган депутаттар дагы, ал маселени такыр билбегенин өздөрү тастыктап, өмүрүндө чек ара маселеси менен алек болбогон Өкмөт башчылыкка  кандидат болгон адамдан сурашып баары элдин терс баасына татыктуулугун көрсөтүштү. Жок дегенде бирөө туруп, “ай андай эмес, мындай” деп,  ызы-чуу чыгарттырбай маселени ошол учурда жапса болот эле да. Анан кантип Улукбек Мариповду күнөөлөйбүз? Беш жылдан бери тактабагандарды, беш жылдын ичинде ошондой орчундуу маселени кабыргасынан коюп чечбегендерди, Мариповдун маңдайында отуруп алып суроо бергендердин өздөрүн күнөөлөш керек! Ал эми У.Мариповдун жообу боюнча мен ойлойм, ошол учурда ал, Өкмөттө иштеген адистердин берген маалыматынын негизинде жооп берди. Кийин ызы-чуу чыгып, элдин чабуулуна дуушар болгондо гана маселенин чоо жайын тактап, артка кайтып, тажик туугандардын дагы көңүлүн оорутпайын дегендей, эки тарапты тең капа кылбагандай салмактуу билдирме чыгарганы менен маселе кайрадан оркойтуп, шишиктей болуп чыкты. Ошону менен бирге коңшулардын “чагылгандай” билдирүүсүнө караганда алар өз  короосуна  биз тараптан от ыргытылгандай кабыл алышты.

Төртүнчүдөн, жеке мага, мурда иштеп кеткен  вице-премьерлер Атаханов, Мамытов, Маматалиев, Разаковтордун бирөөсүнүн бул маселе боюнча эки тараптуу комиссиялар жолугушуп жүргөн учурунда кол коюлган протоколубу, же ошого окшош бир документ бардай туюлду. Болбосо андай сөз премьерликке кандидат болгон ийкемдүү, ичинде кири жок, ою түз  Марипов Улукбек мырзадан чыкмак эмес. Тиги тараптан дагы мындай “сылык” билдирүү келмек эмес.

–Эгерде сиз айткандай болсо, Улукбек Марипов кандайдыр бир документке таянып жооп берсе керек?

–Туп-туура, ошол тармакта иштеген аппараттын балдары эл арасында ызы-чуу болоорун билип-билбестен, Жогорку Кеңешке келер алдында У.Мариповго болгон документтерди көрсөтүшүп, депутаттар суроо берип калса “мындай жооп бериңиз” деп да айтышса керек. Андай болбосо, ал ошол сөздү айтмак беле, айтпайт эле да. Демек, бир “балээ” бар. Эми ызы-чуудан кийин кандай жашырбасын, атайлап эле  жок кылып коюшпаса эртедир кечтир бул “балээ” ачыкка чыгат. Өкмөттө мындай көрүнүштөрдүн болгонун коомчулук жакшы билет.

–Сиз бул нерсени бир нерсеге таянып айтып жатасызбы?

–Чындык ушундай, ага кынтыксыз негиздер бар:

  • Тажик өлкөсүнүн ТИМинин  билдирмеси;
  • Ушундай маанилүү маселени бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңеште жок дегенде тиешелүү комитетте  карабай маселени унуткарып отурушканы.

Тажик Республикасынын ТИМинин билдирүүсүндө (расмий тилде болгондуктан кээ бир  жерлерин окуп берейин) “…О якобы имевшей место передачи истока Торткульского водохранилища Республике Таджикистан, отмечает... На данный момент никакой речи о передаче одной стороной какого-либо спорного участка другой стороне быть не может… призываем политических деятелей… подходить вопросам границы с большой осторожностью…”. Бул билдирүү биздин жарандарга аркы тараптын катардагы пикириндей көрүнгөнү менен, кунт коюп, маани берип окуган адамга бир нече кооптуу фактылар кызыл жип менен жазылганын көрсө болот.

Биринчиси, алар кесе айтып жатышат, ал жер кайсы бир тарапка берилиши мүмкүн эмес деп. (Никакой речи о передачи … другой стороне быть не может). Бул Улукбек Марипов мырзанын артка кайткан сөзүнө жооп.

Экинчиси,  “саясатчылар… өтө этият болушса” деп,  атасы баласына  “сөөмөйүн”  кезегендей.

Үчүнчүсү, биздин элдин кулагына “Талаш Жер” (спорный участок) деген терминди сиңдирүү ыкмасы колдонуп,  дүйнөлүк коомго Кыргызстан  менен “талаш жерибиз” бар дешип, расмий жарыя кылышыптыр. Мындай билдирүү өтө кооптуу.

–Эмнеге кооптуу?

–Кооптуулугу – жогорудагы айтылган сөздөрүн маңызында, эки тараптын элине жана дүйнөлүк коомго “талаш жер” бар деп, жок нерсени таңылооп жаткандыгында. “Талаш жер” боюнча, мурунку Президенттерге, өкмөт мүчөлөрүнө,  жооптуу вице-премьерлерге,  анын жок экенин айтып, далилдеп жүргөн адам катары дагы бир жолу кайталап коёюн талаш жер алар менен жок.  Бир да мыйзамда, бир да эл аралык келишимде талаш эмес, кыпындай дооматы  жазылып юридикалык жактан бекитилген эмес. Дагы бир кооптуулугу, Жогорку Кеңештин жыйынында премьерликке талапкер болгон У.Мариповго берген суроонун жообуна  алардын мамлекеттик органы – ТИМи  чагылгандай тез расмий билдирүү жазганы. Эмнеге? Кандай максат менен? Бул жерде биздин атайын кызматтарыбыздын кооптонуп ойлоно турган маселеси бар экен. Ошондой эле алардын “биринчи адамынын” көрсөтмөсү болбосо ТИМи бекер билдирүү жөнөтпөйт.

–Алар талаш жер деп расмий билдирүүсүндө айтып жатышса, сиз жок дейсиз, айтканыңызды негиздей аласызбы?

–Ай, негиздемек турсун, керек болсо мыйзамдуу документтерди көрсөтүп да берем. Майдаланбаш үчүн, 1924-жылы Кара Кыргыз автономдуу облусу болгонубуздан тартып, 1989-жылга чейинки ар кандай документтерге же паритеттүү комиссиялардын мыйзам менен бекитилбеген документтерине  жана СССРдин, КиргССРдин, ТаджССРдин Конституцияларынын чек ара боюнча нормаларынын талаптарына токтолбой, кечээки эле токсонунчу жылдардан тартып күчүнө кирген расмий мыйзамдарга, келишимдерге токтоюн. Дагы бир маанилүү нерсе, Мамлекеттик чек ара Союз тараганда  Союздук республикалардын ортосунда болгон эмес, болгону  административдик чек ара эле болгон (азыркы облустардын ортосундагыдай) дегендерге мамлекеттик чек ара болгондугун далилдеп, анан калгандарын айтып берейин. Макулбу?

Сүрөттө: Азыркы күндөгү Тажик Республикасына караган Мургаб, Жерге-Тал райондору 1925-жылдагы карта боюнча Кыргызстандын карамагында болгон

–Макул.

–1990-жылы 26-апрелде Советтер Союзу тарабынан “СССР менен федерация субъектилеринин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жөнүндөгү” СССРдин мыйзамы кабыл алынган. Ушул мыйзамдын 1-беренесинде “Союздук республикалар-эгемендүү советтик социалистик мамлекеттер” деп, расмий түрдө өлкөбүз эгемендүү мамлекетке айланып, чек арабыз мамлекеттик чек ара макамын алган.  Муну “союз тараганга чейин мамлекеттик чек ара болгон эмес, административдик гана чек ара болгон” дегендер билип жүрүшү керек.

Эми, 1991-жылы 8-декабрда Белоруссияда (Беловежская пущада), Белорус, Россия, Украина президенттери, союздун жоюлганын жана көз карандысыз мамлекеттердин шериктештеринин (КМШ) түзүлгөндүгүнө кол коюшуп, биз расмий мүчө болуп киргенден кийин, ошол КМШга кирген өлкөлөрдүн ортосунда ушул келишимден башка дагы 3 декларация кабыл алынган. Алар, 1991-жылдын 21-декабрында Алма-Атада, 1992-жылы 14-февралда Минскиде, 1994-жылы 15-апрелде Москвада. Бардык декларацияларда өзгөчө Москва декларациясында чек ара жөнүндө “Аймактын бүтүндүгүн жана республикалар ортосундагы Союз учурундагы  мамлекеттик чек араларын тааныйт жана бузбайт” деп тигилердеги  нормаларды күчтөндүрүп бекитет дагы, тараптар бири-биринин алдында  кепилдик алышат. Кийинчерээк, декларациялар өлкөлөрдүн парламенттери аркылуу ратификацияланып эл аралык келишим катары кабыл алынат. (Үчөөндө тең Тажикстандын азыркы Президенти урматтуу Эмомали Рахмон кол койсо, бизден А.Акаев кол коет).

1996-жылдын 12-июлунда “Кыргызстан менен Тажикстандын негизги мамлекеттик катнаштары жөнүндө”  эл аралык келишим кабыл алынып, ратификацияланат. Анын 5-беренесинде “…тараптар аймактардын бүтүндүгүн жана чек аранын кол тийбестигин тааныйт жана сыйлайт” деп ташка тамга баскандай чек аранын кол тийбестигин жана бүтүндүгүн бекитишет.

Жогорудагы эл аралык келишимдердин жана мыйзамдардын эң негизги мааниси жана “тузу” – Союз тарагандагы аймактардын бүтүндүгүн жана чек араны таануу жана сыйлоо эле эмес, өлкөлөрдүн бири бирине жер боюнча дооматтары, талаштары, башкача ойлору болбогондугун мыйзамдуу бекиткендигинде.  Бул же тиги жер,  же  тиги участок талаш эле, кийин чечели, ал маселеге кайрылалы деген доомат, талап же каалоолордун жоктугунда. Демек, талаш жер жок экендигин мен эмес, жогорудагы эл аралык келишимдер расмий тастыктайт. Ошондуктан, Тажик Республикасынын ТИМинин билдирүүсү жалган, кур доомат, дүйнөлүк коомго туура эмес берген маалыматы жана урматтуу президенти Эмомали Рахмон кол коюп, парламенти ратификациялаган эл аралык мыйзамдарды өздөрү тарабынан сыйлабагандык деп ачык айтсак  болот.

Эгерде алар, мыйзам чегинде бекитилбеген, мурунку  паритеттик комиссиялардын документтерин бетке алышып, мыйзамдуу эл аралык келишимдерди четке кагып, өз кызыкчылыктарына жетүү максатта жогорудагыдай билдирүүлөрдү таратышып, сүйлөшүү процесстердин созуп,   бизге басым жасоо үчүн адаттагыдай конфликттерди чыгаруу тактикаларын уланта беришсе, анын арты бизге эмес өздөрү үчүн өтө коопту болот. Анткени  “Бумеранг” закону иштеп кетиши ыктымал. “Бумеранг” законунун арты менен алардын аймагынын үчтөн бир бөлүгү же 31,6 пайызы бизге өтөөрү шексиз. Табийгаттын закону ошондой.

–Эмнеге, кантип?

–Себеби, 1925-жылдын  2-январдагы СССРдин ЦИК Президиумунун №39 протоколунун негизинде өзгөчө (особый) Памир автоном облусу түзулүп анын курамында бизден бир да тажик улуту жашабаган Мургаб району, Тажикстандын өзүнөн Ванч, Ишкашим, Шугнан райондору кошулуп, андан сырткары бизден Жерге-Тал району (жакында алар аны Лакш деп атап алышты) Гарм облусуна кошуп Тажикстандын аймагынын аянтын жана элинин санынын атайын көбөйттүрүп Тажик автономдук Советтик Социалистик Республикасы түзүшкөн. №39 протоколдо так жазылып турат Кара-Кыргыз автоном облусунун эсебинен деп. А Кара-Кыргыз автоном облусу биз болгонбузбу? Алар ага чейин автоном облусу катары Өзбекстандын курамында болушкан. Биздин эсебибизден берилген эки райондун аянты Тажик Республикасынын 31,6 пайызын түзөт. Эгерде биз, алардын тактикаларына, туугандарыбыздын ыкмаларына макул болуп, мейли сиздер айткандай болсун десек, анда Тажикистан өз ыктыры менен бизге, аймагынын аянтынын 3/1 болугун түзгөн Мургаб жана Жерге-Тал райондорун өткүрүп бериши абзел.

–Анда Тажикстандын ТИМинин билдирүүсүнө биздикилер эмнеге жооп берген жок?

–Кеп ошондо болуп жатпайбы? Унчукпаганың – бул алардын дооматтарына макул болгондугуң. “Молчание – знак согласие” деген сөз бар го. Демек, бизден кетип калыптыр, моюнга алабыз дегени да. Дипломатиялык этика боюнча өзүңдү сыйласаң сөзсүз жооп беришиң керек. Бул эки тарап саламдашып алик алгандай эле. Салам ар кандай болот дечи, биздин “чоң агаларыбыз” айтат го “Какой привет, такой ответ” деп. Тышкы иштер министрлигибиз, сөзсүз расмий түрдө алардын билдирүүсүнүн мазмунуна жараша жооп бериши керек болчу. Мүмкүн элчиликтердин  ордуларын бөлүштүрүү менен алек болуп жатабы (азыр бизде ошол маселе актуалдуу болуп калбадыбы, муфтиятка чейин мурундарын тыгышып устакан бөлүштүрө албай шерменде болуп жатканына күбө болуп жатпайбызбы), кыскасы биз тараптан үн чыккан жок. Соцтармактарды карасаң, биздин бийлик өкүлдөрү ушагыңа, фейкиңе, кыскасы кыбыр эткендин баарына жооп берет дагы, чек арага келгенде жана коңшу өлкөнүн бийлигинин “сөөмөйүн” көрсөткөн, туура эмес расмий билдирүүсүнө жооптордун жоктугу, сени билбейм, мени таң калтырат. Эстесең, ушундай саясаттын негизинде так ушул участокто 2014-жылы тиги тараптын чека арачылары  миномет куралдарын колдону менен атайылап  конфликт чыгарышкан. Өкүнүчтүүсү, бийлик аткаминерлери ошол жана кийинки конфликтерден сабак алып тыянак чыгарбагандыгы, кетенчиктебей чечкиндүү кадамдарга барбагандыгы, “сөөмөйүн” көрсөткөндөргө жооп бербей, төө куштай болуп баштарын кумга тыгып алгандыгы. Ушинтип жүрө берсек коңшулар менен тынчтыкта жана ынтымакта  жашоо, бири – бирибизге жардам берүү чоң проблемага айланып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Алга жылыш дагы болбойт.

–Коңшулар менен тынчтыкта, ынтымакта жашаганга не жетсин, кандай дейсиз?

–Албетте, кылымдар бою бирге жашап келген коңшулар менен ата-бабаларыбыз кандай ынтымакта, сый-урматта жашап келишсе, урпактары – биз да ошондой жашоого милдетүүбүз. Чындыгында, кыргыздар, ата-бабаларыбыздын жолун улап, тынчтыкта, ынтымакта жашап, коңшулардын башына кыйынчылык түшкөндө ар дайым колубузду сунуп, жардам берип, ысыгын да, суугун да бирге татып жүргөн калкпыз. Ошону менен бирге катылгандын катыгын берген дагы биз – кыргыздарбыз. Аны тарыхтан баары билет.

Тажик туугандарыбыз эгемендүүлүк алгандан кийин, абдан катаал, кыл чайнашкан жарандык согуш апаатын өз баштарынан өткөрүштү, андан сырткары экономикалык, коммуникациялык, энергетикалык изоляция учурунда биздин эл, биздин өлкө, тажик элинин тынчтыгы, бакубатчылыгы үчүн унутулгус жардам берип, кошкон салымыбызды тажик жарандардын кээ бир катмары унутса, билбесе дагы элинин биримдиги үчүн башын сайып, тынчтыкты орнотууга, өлкөсүн өнүктүрүүгө  жетишкен  президенти,  урматтуу Рахмон мырза, мурунку коргоо министри менин дос-кесиптешим, тажик элинин нукура патриоту, өлкөсүндө тынчтык өкүм сүрүүгө баатырдык салымын кошкон генерал Шералы Хайрулло мырза унутпаса керек.

7 жыл бою, 1992-1997-жылдары, Ишкашим багытындагы узундугу 100 км Тажик Ооган чекарасын бекемдеп, алардын элин тышкы коркунучтардан сактап, коргоп берген биз кыргыздар болгонбуз. Анын алкагында биздин 5 миңге жакын жигиттерибиз күнү-түнү уктабай жигиттик парздарын так аткарып, кызмат өтөп беришти. Тажик элинин бейпилдиги сактоодо, чек арасын кайтарууда бир нече азамат жигиттерибизден да ажырадык.

1993-1994-жылдары Чон-Алай районунун Карамык  багытында  жарандык согуштун кесепетинен  качкан  качкындарды жылуу кабыл алып, Ходжент тарапка авто унаалар менен жеткирип элинин муңун, кайгысын бирге бөлүштүк.

Жогоруда айтылгандарды уюштуруп, түздөн түз аткаруучу катары баса белгилөөчү дагы бир маанилүү жардамыбыз бул, алардын аскердик материалдардан муктаждыктары  күчөп, көз чачырап турганда берилгени.  Андан башка граждандык багыттан да ар кандай жардамдарды берип, согушуп жаткан тараптарды сүйлөшүүгө чакырган Бишкек эмей ким эле? Мындан тышкары жол, суу, жайыт маселесинде дагы өзүбүздүн кыйынчылыктарга, муктаждыктарга карабай берген жардамыбызды тажик эли жакшы билет.

Баткен тарапта туугандардын энергетикалык кыйынчылыктардан чыгуу маселесинде  дагы  узундугу 19 км, фактылай 20,8 км жалпы аянты 104,4 гектар жерди Айгүл-Таш-Канибадам ЛЭП куруу үчүн берген биз болобуз.  Анын ордуна, келишим боюнча бизге, жол салууга Исфара-Ворух жолунда жайгашкан Сурх айылынын түндүк тарабынан узундугу 3,5 км аянты 5га  жер берүү милдеттемесин алышкан болчу. Жыйынтыгында алар убадасына турбай,  ар кандай шылтоолор менен 5га жерди берүүдөн баш тартып, атайлап “чыр” чыгарттырып, убакытты создуктуруп, кийинчерээк биздин аткаминерлерибиздин баштарын айлантып, анын ордуна жаңы келишимдин негизинде Чорку айылынан өткөн узундугу 275 метр сайдын жерин берүүгө,  эстакадалык жол көпүрө салууга биздин алдыбызда милдеттенме алып кепилдик беришет. Тилекке каршы, убакытты дагы атайлап 3 жылдан ашык созуп, анысын да аткарган эмес. Салыштырып көрсөңөр, биз берген 20,8 километрдин ордуна, 275 метр жер беребиз деп акыркы убадасына дагы турбаган биз эмес алар го.

“Алыскы туугандан, жакынкы коңшу” деген принципти ыйык тутуп, бир тууганча жардам берип, кыйынчылыктарын бирге бөлүшүп жүргөн бизге, алардын “иштери ылайдан” өткөндөн кийинки “каприздерине” чыдоонун чеги болоорун өздөрү түшүнгөндө, “сөөмөйлөр” кезелбей, ынтымак мындан да бекемделмек. Чек арада дагы чыр-чатак чыкпай, элдер дагы ынтымакта бакубат жашамак.

–Исмаил Исакович, азыркы учурда чек ара кызматы УКМКга кошулуп, кайрадан коргоо министрлиги түзүлдү. Бул боюнча сиздин оюңузду уксак болобу?

–Албетте болот. Ушул жаатта реформалардын демилегчиси, адиси, автору катары кийинки жолу кененирээк маалымат берейин.

–Макул, анда кийинки жумада Чек ара кызматы, Куралдуу Күчтөрдө болуп жаткан реформалар жөнүндө кененирээк маек уюштуралы. Азыркы маегинизге чоң ыракмат.

ua.kg