"Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду

14 марта 2021 "Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду

Айбек Осмонов "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн чечим кабыл алганы белгилүү болду.

Ал 28-февралда көз жумган депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келип жатат.

Айбек Осмонов 37 жашта, ишкер жана "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү экени маалым. Бирок ал өткөн жылкы парламенттик шайлоонун алдындагы ички пикир келишпестиктен улам аталган партиянын катарынан чыгып кеткен. Андан соң "Ыйман Нуру" партиясына өтүп саясий кеңешинин төрагасы болгон. Көп өтпөй ал партиянын курамынан дагы чыккан.

Бир туугандары Жанар Алымов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ал эми Нурбек Осмонов ишкерлик менен алектенет.


sputnik