Кыздардын 51 жаштагы чоң энеси Феруза Атакулова жалгыз бой эне. Ал үч уул, бир кызын жалгыз тарбиялап өстүргөн. Россиянын ар кайсы шаарларында ашпозчу болуп эмгектенип жүрүп, маңдай тери менен тапкан каражатына жылдап тургузган беш бөлмөлүү үйү бүгүн минтип күлгө айланды.
3 мая 2021Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган дагы бир кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
3 мая 2021УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү 3-майда саат 9.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин билдирет. Соңку түнү эч кандай чатак, ок атуу катталган эмес.
3 мая 20213-майга карата Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен райондорунун баарында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
3 мая 2021Рамазан айында орозо кармаган адамдар COVID-19 илдетине каршы эмдɵɵдɵн ɵтсɵ болор-болбостугу тууралуу суроого Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жооп берди.
3 мая 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталып, төрт күндөн кийин басылды. Лейлек районунун Максат айылына тажикстандыктар 29-апрелде кирген. Жашоочулар жарым саат мурун качып чыгууга үлгүргөн.
3 мая 2021Учурда Баткендин борборунан Лейлек районуна баруу мүмкүн эмес. УКМК Тажикстандын аскерлери чек аралаш Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылына бүгүн да чабуул жасаганын билдирди.
3 мая 202129-апрелде Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай айылдарынын, Лейлек районунун Арка, Максат айылдарындагы куралдуу кагылышууда расмий маалымат боюнча 33 жаран каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
3 мая 2021Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде чыккан жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн турак үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
3 мая 2021УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңжалды токтотуу боюнча тажик тарап менен түзүлгөн протоколдо эмнелер камтылганы туурасында айтып берди. Ал бүгүн Лейлек районунун Максат айылына келип, жашоочулар менен жолукту.
2 мая 2021Материалдык чыгым эсептелип бүтөрү менен талкаланган мүлктөрдү калыбына келтирүү иштери башталат. Бир дагы жабырлануучу четте калбай, бардыгына көңүл бурулат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунун чек ара жаңжалы болгон аймактагы эли менен жолугушуп жатканда айтты.
2 мая 2021Ар бир мамлекеттин чыр-чатакка чейин ээлеген жери өз менчигинде калат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Максат айылында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
2 мая 2021Кыргызстан Тажикстандан келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнү талап кылбайт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
2 мая 20212021-жылы жайында Ташкенде регион үчүн ири иш-чара өтөт жана бул Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кадимки жолугушуусу эмес. Өзбекстан «Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана Мүмкүнчүлүктөр ”деген аталышта өткөн.
2 мая 2021УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, облустук администрациянын алдына чогулган эл менен жолукту.
30 апреля 2021Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам канча имарат өрттөнгөнү тууралуу билдирүү таратты.
30 апреля 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын үч аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
30 апреля 2021Тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алып алышты. Кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.
30 апреля 2021Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан каза болгон офицердин сөөгү Бишкекке жеткирилип, Ат-Башыга жөнөтүлдү. Бул тууралуу маркумдун досу билдирди.
30 апреля 2021Баткен облустук администрациясынын алдында биринчи вице-премьер Артем Новиков жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев чогулган эл менен жолукту.
30 апреля 2021Россиядагы Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн такай жана сырттан окуу формасына тапшырууга чакырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
30 апреля 2021Баткендеги айрым айылдарды тажиктер басып алды деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңеши кабарлады.
30 апреля 2021Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саат 07:50гө берген маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 134 кишинин 13ү көз жумду.
30 апреля 2021Чек арада октон жаракат алып каза болгон жаран 1985-жылы туулган Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын жашоочусу болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
29 апреля 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын саны 46 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
29 апреля 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
29 апреля 2021Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча маалымат берди.
29 апреля 2021Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени белгилүү болду. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
29 апреля 2021Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызына башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
29 апреля 2021Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
29 апреля 2021Жергиликтүүү тургундар Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болгон жерге бийлик башчыларынын келишин талап кылууда. Бул туурасында Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Мухтарали Халмурзаев билдирди.
29 апреля 2021Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнөн өткөн мыкты адис табылса ага креслосун бошотуп берерин билдирди.
29 апреля 2021Чек арадагы жаңжал учурунда Тажикстандын Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын жети тургуну жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына таянуу менен жазды.
29 апреля 2021Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Бул маалыматтарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев айтты.
29 апреля 2021