Россиянын Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырды

30 апреля 2021 Россиянын Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырды

Россиядагы Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн такай жана сырттан окуу формасына тапшырууга чакырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Окуу жайдагы факультеттердин тизмеси:

  • Монтаж, технологиялык тейлөө жана өнөр жай жабдуусун оңдоо (тармактар боюнча);
  • Мунай кудуктарын (скважина) бургулоо;
  • Мунайды жана газды кайра иштетүү;
  • Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо;
  • Химиялык бирикмелерди аналитикалык контролдоо технологиясы;
  • Автомобилдердин кыймылдаткычтарын, системаларын жана агрегатын техникалык тейлөө жана оңдоо.

Такай окуу формасы боюнча кабыл алуу 2021-жылдын 18-июнунан 15-августуна чейин болсо, сырттан окуу формасы боюнча 19-июлдан 25-августка чейин жүрөт.

Толугураак маалыматты snt.priem@udrasu.ru электрондук дареги же + 7 (3462) 45-76-11/45-76-17/45-76-09 номерлери аркылуу университетке түз кайрылып алууга болот.


sputnik