Баткенде чогулган элдин алдына Артем Новиков чыгып сүйлөштү

30 апреля 2021 Баткенде чогулган элдин алдына Артем Новиков чыгып сүйлөштү

Баткен облустук администрациясынын алдында биринчи вице-премьер Артем Новиков жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев чогулган эл менен жолукту. 

"Алар жарандарды тынчтыкка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жетекчилер элге жардам берүү, тамак-аш жеткирүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүүгө чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта чогулгандар акырындап тарап жатканы белгиленди.


sputnik