Баткен милициясы: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты

30 апреля 2021 Баткен милициясы: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты

Тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алып алышты. Кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.

Билдирүүгө караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылын Тажистандын аскер кызматкерлерине тиешелүү аскер техникасы аралап жүрөт.

"Интернационал айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон "Жилой дом" участкасындагы кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. Ошол участкага жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча Лейлек райондук милициясы КР Жазык кодексинин 380-беренесине ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштап, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.


sputnik