УКМК: тажик тарап түштөн кийин миномет, пулемет менен жапырт аткылоого өттү

29 апреля 2021 УКМК: тажик тарап түштөн кийин миномет, пулемет менен жапырт аткылоого өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, Тажикстандын ИИМинин атайын даярдыктагы атайын бөлүктүн аскерлери (спецназ) менен Чек ара кызматынын аскерлери 29-апрелде саат 14:00дө жапырт аткылоону баштаган. Алар миномет, пулемет жана автоматтар менен Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы "Головной" деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдан ок чыгарган.

"Окуя болгон жерде УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Тажикстандын чек арачыларынын козутуусунан чыккан аскерий жаңжалды локализациялоо чарасын көрүп, кырдаалды координациялап жатат", — деп жазылган билдирүүдө.


sputnik