Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алгандар 46 кишиге жетти

29 апреля 2021 Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алгандар 46 кишиге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын саны 46 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Маалымат саат 22:30га карата берилди.

Жаракат алган 46 кишинин 44ү ар кандай жаракат менен Баткендин ооруканаларында жатат. Бирөө амбулатордук дарыланууда. Бир адам көз жумган.

 sputnik