Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 13 киши каза болду. Акыркы маалымат

30 апреля 2021 Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 13 киши каза болду. Акыркы маалымат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саат 07:50гө берген маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 134 кишинин 13ү көз жумду.

Жаракат алгандардын 25и атайын борт менен Баткенден Бишкекке алып келинип, Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Эки кишинин абалы оор деп бааланууда. Калгандарыкы орточо оор жана салыштырмалуу канааттандырарлык экени айтылды.

Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлегиндеги айылдарда үйлөр, дүкөндөр өрттөлүп, атышуу уланып жатканы айтылган.


sputnik