УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы кеткени белгилүү болду

29 апреля 2021 УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы кеткени белгилүү болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени белгилүү болду. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Ташиев кечээ, 28-апрелде, ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткени айтылат. Кайсы өлкөгө канча мөөнөткө кеткени боюнча маалымат жок.

Белгилей кетсек, октябрь окуяларынан кийин Чек ара кызматы УКМКнын курамына кирген. Ташиев Мамлекеттик чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жетекчиси.


sputnik