29 апреля 2021
Чек арада октон жаракат алып каза болгон жаран 1985-жылы туулган Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын жашоочусу болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
Маркум тууралуу башка маалыматтар такталып жатат.
Белгилей кетсек, Тажикстан менен чектешкен аймактагы жаңжалдан улам кыргызстандык 30 киши жабыркап, бир адам каза тапты.