Камчыбек Ташиев Баткенге барып, эл менен жолукту

30 апреля 2021 Камчыбек Ташиев Баткенге барып, эл менен жолукту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, облустук администрациянын алдына чогулган эл менен жолукту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

"Ташиев облустук администрациянын алдында чогулган элди тынчтыкка чакырып, курал колдонулбасын, бардыгы тынчтык жолу менен чечилерин айтты. Ал элди тарап кетүүгө чакырып, өзү Кызыл-Бел айылы менен Исфара районуна караштуу Гулистан айылына абалды байкоо үчүн жөнөп кетти", — деди кабарчы.


sputnik