Чек арада жарадар болгондор 11ге жетип, Бишкек, Оштон медиктер жөнөтүлдү

29 апреля 2021 Чек арада жарадар болгондор 11ге жетип, Бишкек, Оштон медиктер жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Анын ичинен бирөө медициналык жардам алып үйүнө чыгарылган, калган 10 киши ар кандай жаракаты менен Баткен облусундагы ооруканаларга жаткырылган. Маалымат саат 16:30га карата берилди.

Самаркандек Жалпы медициналык практикалык борбору — эки адам, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык;

Лейлек жалпы медициналык практикалык борбору — бир адам, абалы орточо оордукта;

Баткен облустук бириккен ооруканасы — денесинин ар жерине ок тийип жети адам түштү. Анын ичинен үчөөнүн абалы орточо оордукта, төртөөнүн абалы туруктуу оордукта. Азыркы тапта жарадар болгон эки кыргызстандыкка операция жасалып жатат.

Мындан сырткары, Ош шаарынан беш адистен турган бригада жөнөп кетти. Ал эми Бишкектен саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев башында турган тогуз дарыгер учуп барууга даярданууда.


sputnik