Суваналиев Согдинин башчысы менен сүйлөштү. Бийлик элди тароого чакырып жатат

29 апреля 2021 Суваналиев Согдинин башчысы менен сүйлөштү. Бийлик элди тароого чакырып жатат

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Суваналиев коңшу өлкөдөгү кесиптеши менен бүгүн, 29-апрелде, чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча телефон аркылуу эки ирет сүйлөшкөн.

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп жатканы айтылат.

"Облус жетекчисинин биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор чек арада топтолгон жарандарга маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин белгилеп, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Баткен районунда жаралган кырдаалга байланыштуу башка чек аралаш аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.


sputnik