29 апреля 2021
Жергиликтүүү тургундар Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болгон жерге бийлик башчыларынын келишин талап кылууда. Бул туурасында Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Мухтарали Халмурзаев билдирди.
Анын айтымында, эл президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана премьер-министр Улукбек Мариповдун келиишин, маселени жеринен чечүүсүн талап кылууда. Буга чейин тургундар чогулуп, атайын видеокайрылуу дагы жасашкан.
"Кырдаал турукташа элек, ок атуулар дагы деле болуп жатат", — деди айылдык кеңештин депутаты.
Халмурзаев учурда чыр чыккан жерге башка аймактардан адамдар келип, чогулуп жатышканын кошумчалады.