Айдан артып калган же топтогон тыйыныңызды жөн катпай эселентип алуу үчүн туура инвестициялоону өздөштүрүп алган дурус. Мындай процесс так билбегендиктен эле адегенде кыйын, дегеле кол жеткистей көрүнөт деп эсептейт Улуттук банктын өкүлдөрү.
20 апреля 2021Эске салсак, Кармышаков өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аялдар менен жолугуп, сүйлөшкөн. Вице-премьер бул көрүнүштү кыжырды кайнаткан факт катары сыпаттап, мыйзам бузуу экенине токтолду.
20 апреля 2021Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
20 апреля 2021"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.
20 апреля 2021Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык тармагындагы "коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы" тууралуу посту өчүрүлдү.
20 апреля 2021Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда.
20 апреля 2021Чүйдө изделип жаткан 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан бидиришти.
20 апреля 2021Маалыматка ылайык, Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
19 апреля 2021Ажар Сатарбаева үй-жайсыз калган селсаяктарды тамактандырып, кийинтип жасандырган видеолору менен социалдык тармактарда атагы чыккан. Учурда Tik Tok жана Instagram тармагынан айына 200 миң сомдой табарын айтат.
19 апреля 2021Айсулуу Алмазова алты жылдан бери PricewaterhouseCoopers-PwC эл аралык аудитордук компаниясында эмгектенип келет. PwC эл аралык аудит жана консалтинг кызматын көрсөткөн дүйнөдөгү эң ири төрттүктүн (Deloitte, E&Y, KPMG) катарына кирет.
19 апреля 2021Анын социалдык тармактагы посттору кийинчерээк көп окулууда, өзү муну жаштарга сабак катары жазып жатканын айтты. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Салтанат Митиеваны кепке тарткан.
19 апреля 2021Ал АКШнын Чикаго шаарында көчмө дүкөн бизнесин алгачкылардан болуп ачып, Нarvestrolley компаниясын негиздеп отурат.
19 апреля 2021Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.
19 апреля 2021Уу коргошунду дарыгердин жанында, кайнак бойдон гана ичиш керек. Аны муздак кылып ичсе, адам беш мүнөткө жетпей өлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда айтты.
16 апреля 2021Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту айыктыруу үчүн Aconítum soongáricum (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонулуп жатат деген маалымат боюнча үн катты.
16 апреля 2021Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.
16 апреля 2021Уу коргошун менен бир нече күндөн бери коронавируска кабылган 300 адам дарыланды. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
16 апреля 2021Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.
16 апреля 2021Президент Садыр Жапаров "Ысык-Көл тамырын" кайнатканды атасынан үйрөнгөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
16 апреля 2021Былтыр коронавирус менен ооругандар быйыл кайра ооруну жуктура баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
16 апреля 2021УКМК Бишкек мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражатты өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алганын аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
16 апреля 2021Токио Олимпиадасына үч ай гана убакыт калды. Машыгуулар пандемия шартына туура келгенине карабастан кыргызстандык спортчулар ондон ашык жолдомо алды. Алдыда бир нече лицензиялык турнир бар.
16 апреля 2021Мындан тышкары, министр кыргыздар бул кайнатма менен беш кылым мурда эле дарыланып жүргөнүн айтты.
16 апреля 2021Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.
16 апреля 2021Унаа" мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы жана Ош облусу боюнча жетекчилери айдоочулук күбөлүк үчүн экзамен алууда жемкорлукка барышкан деп кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
16 апреля 2021Американын лидери алгач "АКШ вакци... эскалациянын кезектеги циклин баштагысы келген жок жана Россия менен чырдашууну каалабайт" деп жаңылган.
16 апреля 2021Кыргызстанда чакан насыя берчү мекемелерден 260 миңден ашуун жаран карыз алган. Бул тууралуу Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясынын расмий сайтында жазылган.
16 апреля 2021Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Lexus LX470 унаасынын айдоочусу "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексин тебелеп, качып кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
16 апреля 2021Спортчу кыз 76 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал төрт кармаш өткөрүп, финалда казакстандык Элмира Сыздыковага утулуп калды.
16 апреля 2021Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылды.
16 апреля 2021Бишкектин 3-кичи районунда табылган эки жашар бөбөк энесине берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
16 апреля 2021Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
16 апреля 2021Бишкекте Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу ИИМдин алдында митинг өткөрүп жаткандарды 50дөй киши келип кубалады.
15 апреля 2021Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн башчысы имаратты басып алуу үчүн аялдар эртең мененки саат 5.00дөр чамасында келгенин айтты.
15 апреля 2021