Пригородное айылындагы чуу: айыл өкмөт башчысы окуянын чоо-жайын айтты

15 апреля 2021 Пригородное айылындагы чуу: айыл өкмөт башчысы окуянын чоо-жайын айтты

Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн башчысы имаратты басып алуу үчүн аялдар эртең мененки саат 5.00дөр чамасында келгенин айтты. 

"Саат беште кароолчу эшиктин алдын тазалап жатканда имараттын жанына ондой аял келген экен. Ал эч жакка кеткен эмес, аялдар өздөрү кирип келген. Азыр кароолчу түшүнүк кат жазып жатат. Аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкөлөр болгон, ошондой эле газ баллондорду дагы ала келишиптир. Алар кредиттерди жоюп салууну талап кылууда. Бирок бул биздин компетенциябыздагы маселе эмес", — деди айыл өкмөт башчысы.

Эске салсак, Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюшкан. Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги барып, жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


sputnik