Мөөнөтү өтүп кеткендер бар. Эл микрокредиттик компанияларга канча карыз

16 апреля 2021 Мөөнөтү өтүп кеткендер бар. Эл микрокредиттик компанияларга канча карыз

Кыргызстанда чакан насыя берчү мекемелерден 260 миңден ашуун жаран карыз алган. Бул тууралуу Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясынын расмий сайтында жазылган.

Маалымат үстүбүздөгү жылдын 21-январына карата берилген:

  • активдүү кардарлардын саны — 262,6 миң;
  • кредиттин орточо көлөмү — 91,7 миң сом;
  • кредиттик портфель (берилген насыялардын жалпы суммасы) — 24 миллиард 953,6 миллион сом.

Мунун ичинен 4,8 пайызы же 1,2 миллиард сому учурда тобокелдик тобуна кирген кардарлардын колунда. Тагыраак айтканда, төлөө мөөнөтүнөн (30 күндөн көбүрөөк) өткөрүп жибергендердин мойнундагы карыз.

Белгилей кетсек, жогоруда кеп банктар эмес, чакан насыя берчү уюмдар жөнүндө болду.


sputnik