Чүйдө алты күндөн бери 21 жаштагы жигит изделүүдө. Сүрөт

19 апреля 2021 Чүйдө алты күндөн бери 21 жаштагы жигит изделүүдө. Сүрөт

Чүй облустук милициясы 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу изделип жатканын кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 168-169 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара жана кыска. Кара күрмө, узун жеңдүү чакмак көйнөк, кара жинсы шым жана кара туфли кийип жүргөн.

Милиция жоголгон бала тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:

  • Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, 43-88-85;
  • Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 60-75-67;
  • Издөө тобу — (0558) 86-14-86, (0701) 80-18-03.


sputnik