Уруша кеткен... Чүйдө бир жумадан бери изделген жигит табылды

20 апреля 2021 Уруша кеткен... Чүйдө бир жумадан бери изделген жигит табылды

Чүйдө изделип жаткан 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан бидиришти.

Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Байсалбек Каныбек уулу Бишкек шаарында табылды. Ал "Дордой" базарынын жанында жашаган досунун үйүндө болгон. Алдын ала маалыматка караганда, Каныбек уулу үйүндөгүлөр менен урушуп кеткен соң досунукуна кетип калган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң жигит туугандарына өткөрүп берилди.


sputnik