ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты

16 апреля 2021 ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту айыктыруу үчүн Aconítum soongáricum (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонулуп жатат деген маалымат боюнча үн катты.

"Дүйнө жүзүндө клиникалык изилдөөлөр дары-дармектерди өндүрүүнүн эң маанилүү баскычы болуп саналат. Анын негизинде каттоодон өтүп, медициналык жактан колдонууга берилет. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталат. Ушул маалыматтардын негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы дары-дармектерди каттоодон өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат", — деп айтылат билдирүүдө.

ДССУ клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын белгиледи.

"Учурда ДССУнун уу коргошун коронавирустан айыктырат деген маалыматы жок. Анын фармакологиялык касиеттерин билүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык изилдөө жүргүзүү керек. Коронавируска чалдыккандар өз алдынча дарыланбастан, ооруканаларга кайрылышы зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык уюм мурдагыдай эле аралыкты сактап, маска тагынып, дезинфекциялык каражаттарды колдонуп, ден соолукка кам көрүүнү сунуштады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.

Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Бүгүн саламаттык сактоо министри уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.


sputnik