Айзаданын өлүмү. ИИМ алдындагы митингчилерди 50дөй киши кубалап таратты. Видео

15 апреля 2021 Айзаданын өлүмү. ИИМ алдындагы митингчилерди 50дөй киши кубалап таратты. Видео

Бишкекте Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу ИИМдин алдында митинг өткөрүп жаткандарды 50дөй киши келип кубалады.

Окуянын видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

ВИДЕО

Видеодо көрүнүп тургандай, митингге кийин келгендер бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанга кереги жок экенин айтып, кыйкырып, ага чейин чогулгандарды кубалашкан. Жеринде милиция кызматкерлери да иштеп жатышат.

Эске салсак, буга чейин уурдалып киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү эки күндөн кийин табылганына нааразы болгондор өткөн бейшемби күнү ИИМ, Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Алар милициянын шалаакылыгына нааразы болуп, ИИМ жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.


sputnik